Ысык-Көлдүн Кутургу, Кичи-Өрүктү жана Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, мындай иш-чаралар 27-28-октябрь күндөрү өткөрүлүп, көлдүн экологиясын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого жана суунун булганышынын алдын алууга багытталган.
Эскерте кетсек, жыл башынан бери Ысык-Көлдөн жалпы 56 миң 200 метр балык уулоочу тор жана 1480 килограмм таштанды тазаланган.