"Тазалык" ишканасына 92 миң сом айып салынды (видео)
Бишкек шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасында унаалардан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемден ашып кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзам бузуулар боюнча 4 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 92 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.