Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөштөн алгачкы атаандашын жеңди.
Ал азербайжандык балбан менен күч сынашты. Алгач Жумашбек уулу 0:6 эсебинде жеңилип жаткан, бирок беттеш аяктарына аз калганда эсепти 9:8ге жеткирди. Ошентип, ал 1/8 финалдык баскычка жолдомо алды. Кыргыз балбаны Дүйнө биринчилигине 65 килограмм салмак ченинде катышууда.