Биз социалдык тармакта

Ашуудагы жолдорго кум-туз себүү иштери жүргүзүлдү 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек – Ош автожолунун 125-139 чакырымдар аралыгында (Төө-Ашуу) кар жааганына байланыштуу, айдоочулардын коопсуздугу үчүн жолго кум-туз аралашмасы себилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

"Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунун Талдык жана Тоңмурун ашууларында кар жаап жатат. Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда аталган жол тилкелеринде каттам үзгүлтүксүз камсыздалып, жолдор ачык",- деп белгиледи мекеме.

Министрлик алыс жолго чыккан айдоочуларга унаанын техникалык абалын текшерип, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу кажет экенин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан