Ырчы Мирбек Атабековго “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардак наамы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-октябрда Мирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланган. Мамлекеттик сыйлык ага эки элдин ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылган.