Биз социалдык тармакта

Курулушта мыйзам бузгандарга 1 миллион сом айып салынды (видео)

Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объектилерин текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддин алкагында төмөнкү объектилер текшерилди:
  • “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору;
  • Арча-Бешик конушу, Шербет көчөсү, 11 дарегиндеги 5 кабаттуу кеңсе имараты;
  • Карасаев көчөсү, 128 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
  • Көк-Жар айылындагы 16-тилкеде жайгашкан 9 кабаттуу турак үй;
  • Панфилов көчөсү, 11 дарегиндеги эмерек салону.
"Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн подряддык уюмдарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине (Долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу) ылайык жалпы суммасы 1 миллион сом айып пул салынды", - деп кошумчаланды маалыматта.
Курулуш объектилеринде мыйзам бузгандарга 1 миллион сом айып салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан