Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде автобус жол кырсыгына кабылды.
Интернет желесине тараган видеодон автобустун жеңил унаа менен сүзүшүп кеткенин көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, акыркы 2 жумада автобустун катышуусунда бир нече жол кырсыгы катталды. Буга байланыштуу мэр Айбек Жунушалиев автобустардын айдоочулары менен жыйын өткөрүп, аларга жол эрежелерин так сактоону эскерткен.