Учурда күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат. Чыныгы күйөрмандарга толгон мелдеш кызыктуу учурлар менен коштолууда.
Интернетке жарыяланган видеолордун бири коомчулукту жылмайтты. Анда күрөштөгү кызыктуу учурларды өткөрүп жибербөөнүн айласын тапкан күйөрмандар бир табак мантыны да ала келишкенин көрүүгө болот.
Күрөштү көрүп, тамагын да камдаган күйөрмандарга социалдык тармактын колдонуучулары жылуу пикирлерин калтырышып, алардын кадамында чыныгы күйөрмандык жатканын белгилешүүдө.