Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучудан маселесин оңунан чечип берүү үчүн 100 миң сом сураган. Шектүү 60 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.