Бүгүн, 30-октябрда саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Маалыматка караганда, Осмонов жыйында заманбап технологиялар менен тажырыйба алмашууга, ошондой эле дарыгерлерди окутуу, телемедицина жана жаңы дарылоо ыкмалары боюнча биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин айтты.