Ташкентте Мирзо-Улугбек районундагы үйлөрдүн биринен, талаптарга жооп бербеген сыра өндүргөн мыйзамсыз цех аныкталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары 22 түрдөгү сыра ичимдиктерин жана өндүрүштө колдонулган башка каражаттарды далил катары алышкан.
"Бул факты боюнча коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү жана жүгүртүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Азырынча товарлар кайсы өлкөлөргө чыгарылганы белгисиз", - деп белгиленди маалыматта.