Биз социалдык тармакта

Президент түрк ишкерлерин Кыргызстанга чакырды

Бүгүн, 30-октябрда Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы өз сөзүндө "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагы инвестиция тартуу үчүн маанилүү аянтча экенин белгилеп, боордош мамлекеттердин ишкерлерин Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Президент алдыңкы багыттардын катарында транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, чек ара жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун Каспий деңизи аркылуу орто коридор менен байланыштыруу маанисин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан