Биз социалдык тармакта

Binance криптобиржасы хакердик чабуулга кабылды

Бүгүн, 30-октябрга караган түнү дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы Binance хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, биржанын криптовалюта капчыктарынан болжол менен 5,7 миллиард долларлык каражат уурдалган. Окуядан кийин биткоиндин баасы 77 миң доллардан төмөн түштү.

Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао хакерлер компаниянын кызматкерлеринин биринин ноутбугун бузуп кирип, ички системага жеткенин билдирген. Ал колдонуучулардын каражаттары коопсуз экенин жана криптовалюта капчыктарынын купуя ачкычтары сыртка чыкпаганын белгилеген. Учурда биржага акча салуу жана акча чыгаруу операциялары убактылуу токтотулган.

Чабуулдан улам инвесторлор бир нече сааттын ичинде башка криптобиржалардан 3,5 миллиард доллардан ашык каражат чыгарып кетишкен. Жалпы чыгым 6,3 миллиард долларды түзгөнү айтылууда.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул окуя криптовалюта биржаларынын тарыхындагы эң ири хакердик чабуул болуп калышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан