1-ноябрдан тартып Казакстанда өлкөгө барган чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук уруксат берүү системи этап-этабы менен ишке киргизиле баштады. Жаңы тартип өкмөттүн токтому менен каралганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Маалымдалгандай, электрондук кирүү уруксаты — ETA (Electronic Travel Authorization) визасыз режимде Казакстанга кирүүгө укугу бар чет өлкөлүк жарандар үчүн каралган.
Системди төмөнкү этаптар менен киргизүү пландалууда:
"Документти QazETA мамлекеттик санариптик платформасы аркылуу алууга болот. Жаңы система туристтик компанияларга, мейманканаларга жана чет өлкөлүк адистерди чакырган уюмдарга да тиешелүү болот. Электрондук уруксатты алуу акысыз болот. Ал 180 календардык күнгө жарактуу, бирок бул убакыттын ичинде Казакстандын аймагында жалпы 90 күнгө чейин гана жүрүүгө болот. Ошондой эле уруксат алуудан бошотулган 29 категориядагы адамдар бар. Алар тиешелүү документтерин көрсөтүшү керек. Мисалы, Казакстандын жарактуу визасы барларга, айрым дипломаттарга, 16 жашка чейинки балдарга жана 65 жаштан өткөн адамдарга электрондук уруксат талап кылынбайт", - деп белгиленет маалыматта.