Биз социалдык тармакта

Манас районунда 14 социалдык объект курулат

Бүгүн, 3-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас шаарына болгон иш сапарынын алкагында Манас районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас районунун бюджети акыркы беш жылда 83 миллиард 110,3 миллион сомдон 158 миллиард 360,8 миллион сомго чейин өскөн. Ошондой эле аймакта калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатында 14 социалдык объект куруу пландалууда. Алардын арасында 4 медициналык мекеме, 4 мектеп жана 6 бала бакча бар.

Мындан тышкары, райондо 400 миллион сом суммасында инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан