2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктайт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Таластын Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолукканда айтканын президенттин администрациясы маалымдады.
Мамлекет башчысы Кумтөрдөгү бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталарын билдирген.
"Мурда Кумтөрдөн түшкөн 5 миллиард сом кирешеге кубансак, бүгүнкү күндө Жерүйдүн бир эле кени төрт эсе көп киреше түшүрүп жатат",- деген президент Таластагы алтын кенинин дагы маанисин белгилеп кеткен.