Испаниянын "Тенерифе" клубунун 30 жаштагы чабуулчусу Хесус де Мигель оюн талаасында дарбазачы менен кагылышуудан каза тапканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя бүгүн, 3-ноябрда эртең менен аталган клубдун "Андоррага" каршы беттеши учурунда болгон. Маркум футболчу атаандаш команданын дарбазачысы менен кагылышканда, анын тизеси көкүрөгүнө тийген. Мигель эсин жоготуп, жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.
Эки клуб Испаниянын экинчи дивизионунун 12-турунун алкагында оюн өткөрүп жатышкан.