Кечээ, 3-ноябрда Ысык-Көлдүн Тоң жана Ысык-Көл райондорунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында көлдөн 1400 метр эски балык уулоочу тор жана 20 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери өлкөнүн суу объекттеринен 160 миң метрден ашык эски тор жана 4 миң килограммга жакын таштанды чыгарылган.