Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев сот тутуму ичинен тазаланууга тийиш экенин айтты. Ал мындан ары жоопкерчилик күчөтүлөрүн белгиледи.
"Президенттин айткан сөзүн уктуңуздар. Эл аралап жүрүп, адилеттүүлүк жок деген тыянакка келип жатат. Бул деген ар бирибизди башка барскан менен урганга барабар болушу керек. Андыктан, биз жоопкерчиликти күчөтөбүз",- деди ал 3-ноябрда сот тутумунун 9 айлык ишмердүүлүгүн талдоочу жыйында.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 21-октябрда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде сот адилеттиги боюнча көйгөй бар экенин айткан. Президент муну аймактарды кыдырып жүрүп байкаганын, себеби элдин даттануусунун көбү адилетсиздик боюнча болгонун белгилеген.