Өлкөдө 35тей чакан ГЭС активдүү курулуп жатат. Бул тууралуу "Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, курулушу бүтүп, ишке берилген чакан ГЭСтердин саны 32нин тегерегинде. Жыл аягына чейин төрт чакан ГЭС пайдаланууга берилмекчи. Орозбаев чакан ГЭСтерди салууда суунун агымы изилденерин кошумчалады.