Кыргызстанда биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилиги билдирди.
Маалымдалгандай, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда француз адистеринин катышуусунда эл аралык мастер-класс өтүп, анын алкагында кардиостимуляциянын алдыңкы технологиялары көрсөтүлүп, өлкөдө биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланган.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Европа ооруканасынын француз эксперти, профессору Элуа Марижон кардиостимуляторду имплантациялоо процедурасына түздөн-түз катышкан. Практикалык сессия Live Cases форматында өтүп, рентгеноперациялык бөлмөдөн түз эфирде көрсөтүүнү, төрт клиникалык учурду сунуштоону, кардиостимуляторду имплантациялоо процессин реалдуу убакыт режиминде көрсөтүүнү жана эксперттер менен интерактивдүү талкууну камтыган.