
Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, жолду куруу долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Заманбап унаа жолунун узундугу 32 чакырымды түзүп, транспорттук жол түйүндөрү, көпүрөлөр жана башка инженердик курулмалар салынмакчы.