Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10,37 миллиард долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 906,98 миллиард сомду түзүп, доллар менен эсептегенде 10,37 миллиардга жетти. Бул тууралуу кечээ, 3-ноябрда Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы карыздын көлөмү 461,31 миллиард сом болсо, ал эми ички карыз 445,67 миллиард сомду түзөт. Мамлекеттик карыздын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын 38,55 пайызына барабар.

Маалым болгондой, Кыргызстан тышкы карыздын эң чоң бөлүгүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алган. Бул банкка болгон карыз 119,6 миллиард сомду түзгөн.

Ал эми Дүйнөлүк банкка 87 миллиард сом, Азия өнүктүрүү банкына 82,8 миллиард сом карыз экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан