
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Лалафо платформасы аркылуу iPhone 15 Pro Max үлгүсүндөгү телефонду сатууга чыгарып, аны алууну каалаган жарандан 45 миң сом котортуп алган. Шектүү акчаны алары менен из жашырган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө анын ушул сыяктуу 10дон ашык кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.