Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга каршы чара көрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирине байланыштуу аларга тыюу салуу маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда президент соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы өлкөдө 25 миллион 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 миллион 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 миллион 239 миң литр алып келинген.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, республикалык бюджет түз жана кыйыр салыктардан болжол менен 1,5 миллиард сомдук кирешеден кол жууйт экен. Бирок улуттун, жарандардын жана келечек муундун саламаттыгы эч кандай акча менен өлчөнбөшү керек",- деди Жапаров.

Мындан улам президент министрлер кабинетине энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу маселесин 1 ай ичинде карап чыгып, 6 айдын ичинде мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан