4-ноябрь күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Каракол шаарына иш сапары менен барып, шаар үчүн маанилүү болгон эки иш-чарага катышты.
Шаарда саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын салтанаттуу ачылышы болду. Бул шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.