
"Барс" футбол клубу Жогорку Лиганын чемпиону аталып, чемпиондук титулун ийгиликтүү коргоду.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматы боюнча, кечээ, 4-ноябрда Каракол шаарындагы "Ынтымак Арена" стадионунда "Барс" жана "Мурас Юнайтед" командаларынын ортосунда беттеш өткөн. Жыйынтыгында караколдук клуб 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.