Биз социалдык тармакта

Чет өлкөгө жумушка барам дегендер 7,7 миллион сом алдатышканы айтылды

Чет өлкөлөрдө ишке орноштурууда 59 адам жалпы 7 миллион 700 миң сомго жакын сумма алдатып жиберген. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Ал бирок алдангандар кайсы убак аралыгында болгонун тактаган жок.

"Биздин жарандар чет өлкөлүктөр менен соцтармактар аркылуу байланышып, көп алданышат. Шылуундар жабырлануучуларды жумушка алышканын айтып, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө үчүн реквизиттерди жиберишет. Биздин талдообуз боюнча, реквизиттеги акчалар көбүнчө Африка тарапка которулуп жатат",- деди Кудайбердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан