Британиялык саякатчы Карл Бушби 28 жылдык жөө жүрүү сапарынан кийин апасынын үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Карл Бушби 1998-жылы, 29 жашында Чилиден жолго чыгып, 2026-жылдын 2-ноябрында Англиянын Халл шаарына жеткен. 57 жаштагы саякатчы төрт континентти жана 30 өлкөнү басып өтүп, жалпысынан 50 миң чакырымдай жол жүргөн. Ал сапарын транспорт колдонбостон жөө басып аяктоону максат кылган.
Бушби мекенине кайтып келип апасы Анжела, 36 жаштагы уулу жана буга чейин жүзүн көрбөгөн 12 жаштагы небереси менен жолукканы белгилүү болду.