Журналист Эрнис Кыязов Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү телефон чалып чакырганын билдирди.
Анын айтымында, аталган бөлүмдөн байланышкан кызматкер жөн гана тактап алчу сөздөр бар экенин билдирген. Бирок Кыязов сүйлөшүү үчүн ИИМдин имаратын эмес, нейтралдуу жерди сунуштаган.
Ошондой эле саясатчы Сыймык Жапыкеев менен болгон маегинен кийин УКМК менен ИИМден чочулап жүргөнүн белгилеп, бирок көп өтпөй ал оюнан кайтканын кошумчалады журналист.