UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайт АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган Ак үйдүн басма сөз катчысы кызматынан баш тартты. Бул тууралуу CNN басылмасы маалымдады.
Анда белгиленгендей, сунушту Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазып, UFC жетекчисин бул кызматка ылайыктуу экенин жазган.
Бул арада Дана Уайт Инстаграмына Ак үйдүн басма сөз катчысынын трибунасында турган сүрөтүн жарыялап, "Кийинки баскычка өтүп жатам" деген тамаша иретиндеги жазуу калтырган.
Бирок кийинчерээк CNN телеканалына маалымат берген булактардын айтымында, Уайт сунуштан баш тарткан. Трамптын жардамчыларынын бири бул сунуш тамаша иретинде айтылганын билдирген.