Президент Садыр Жапаровдон Чүй облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда үч жылга эркинен ажыратылган нефролог Назира Бейшебаевага ырайым кылуу өтүнүчү айтылды.
Эске салсак, дарыгер 13 жаштагы кыздын бутунун ампутацияланышына байланыштуу иш боюнча соттолгон.
Саламаттык сактоо министри дарыгер учурда камакта экенин жана анын иши Жогорку Сотто каралып жатканын билдирди.
Жапаров кыска гана ага жардам берилерин билдирди.