Биз социалдык тармакта

Нефролог Насира Бейшебаева камалды

Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Насира Бейшебаеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны сот залынан камакка алуу чечимин чыгарды. Сот бул ишти 10-сентябрда караганын шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, отурумда Ленин райондук сотунун мурдагы пробация колдонуу чечими өзгөртүлдү. Дарыгерге "кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган" деген айып коюлган.

Эскерте кетсек, Бейшебаева 18-февралда кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Кылмыш иши 2024-жылы 13 жаштагы кызы туура эмес дарылоонун кесепетинен оң бутун кестирүүгө аргасыз болгонун айткан эненин арызынын негизинде козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан