
Өзбекстандык белгилүү актёр Матёкуб Матчанов Стамбул шаарында өтүп жаткан VI Эл аралык түрк дүйнөсүнүн “Коркут Ата” кинофестивалында “Эркектин мыкты ролу” номинациясынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, актёр бул сыйлыкка режиссёр Сарвар Каримов тарткан “Милдет” (Farz) тасмасындагы ролу үчүн татыган.
Ал тасмада эмгекчил Собир ака аттуу адамдын образын жараткан.