Бүгүн, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары "Электро" чокусунун аймагынан 2011-жылы туулган жарандын сөөгүн табышты.
Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүмдүн сөөгү таштардын арасынан табылды. Болжол менен ал сууктан улам тоңуп каза болушу мүмкүндүгү маалыматта кошумчаланды.
Учурда өспүрүмдүн денесин тоодон түшүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Эскерте кетсек, өспүрүм 7-ноябрда аталган жаратылыш паркына чуркоо үчүн барып, Адыгене капчыгайына өз алдынча кеткен. Андан кийин ӨКМге адашып калганын айтып байланышкан. Издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана тик учак тартылды.