Өкмөт жооп берет: Эмнеге аскердик өрт өчүрүүчүлөр бөлүмүнүн кызматкерлери профессионалдык өрт өчүрүүчүлөргө караганда пенсияга эрте чыгышат?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Эмнеге аскердик өрт өчүрүүчүлөр бөлүмүнүн кызматкерлери өрт өчүрүүчүлөргө карганда жеңилдиктерди көп алышат жана пенсияга эрте чыгышат? Суроо калтырган Erkin-by
Жооп: - Аскер кызматынан бошотулгандан кийин аскер кызматчыларынын пенсия менен камсыз болуу укугу мамлекет тарабынан кепилденет жана «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» КРнын мыйзамынын негизинде белгиленет.
Мыйзамдын 13-беренесине ылайык, аскер кызматчыларына пенсияларды дайындоодо төмөндөгү шарттар аткарылышы керек:
а) кызматтан бошотулган күнгө карата аскер кызматында же ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, Каржы полициясында 20 жыл же андан ашык убакыт кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана үстөк кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, Каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
б) кызматтан курагы боюнча, оорусуна байланыштуу штаттардын кыскарышына же ден соолугунун чектелген абалына байланыштуу бошотулган жана кызматтан бошотулган күнгө карата;
- 25 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 12 жыл жана 6 айын аскер кызматында же ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, Каржы полициясында кызмат өтөгөн 50 жаш курагындагы эркектер;
- 20 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 10 жылын атайын наам берилген учурдан тартып аскер кызматында же ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, Каржы полициясында кызмат өтөгөн 45 жаш курактагы аялдар көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсия алууга укуктуу.
Ал эми профессионалдык өрт өчүрүүчү бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлердин пенсиялык камсыздоосу «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» КРнын мыйзамынын негизинде ишке ашырылат.
Ушул мыйзам жарандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруудагы камсыздандыруу принциптерин белгилейт жана камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылган адамдарды пенсия менен камсыздоону кепилдикке алат.
Мыйзамдын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарды, республикада жашаган, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» КРнын мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга укуктуу.
Өрт өчүрүүчү бөлүмдө иштегендердин пенсия жашын кыскартуу жөнүндөгү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КРнын ӨКМнын алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинде иштер жүрүүдө.

Суроого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан