Дагестанда “Кадар” уюшкан кылмыштуу тобунун Жамалидин Мирзаев аттуу лидери жок кылынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Волгограддагы жардыруулардын артында туруп, өз адамдарын жиберген. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операция Избербаш шаарында болгон. Кылмышкерлер тобу турак үйдө курчоого алынган. Алардын бири сүйлөшүүлөрдөн кийин багынган. Калгандары ок чыгарып каршылык көрсөткөндүктөн, атып жок кылынган.
Январь айынын аягында Терроризмге каршы улуттук комитет Волгоградда коомдук жайларда өзүн жардыргандардын аты-жөнүн жарыялаган. Алар “Буйнак” тобунун балдары экени аныкталган.
Эске салсак, Орусиянын Волгоград шаарында 29-декабрда темир жол бекетинде жардыруу болгон. Анда 20га жакын адам каза болуп, 35 адам жаракат алган. Октябрь айында ушул эле шаарда автобус жардырылып, 6 киши өлгөн.
Ушул эле шаарда 30-декабрда эртең менен троллейбус жарылган. Жардыруудан 10дон ашуун адам каза болуп, дагы 10го жакын киши жаракат алган. Базардан алыс эмес жерде болгону, теракттан троллейбустун сыныктары ар тарапка чачырап, түбү гана калганы айтылган.