Волгограддагы теракттан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Орусиянын Волгоград шаарында бүгүн, 30-декабрда эртең менен троллейбус жарылды. Анда 10дон ашуун адам каза болуп, дагы 10го жакын киши жаракат алды. Жардыруу Дзержинский районундагы базардан алыс эмес жерде болгону, троллейбустун сыныктары ар тарапка чачырап, түбү гана калганы айтылууда.
Теракттан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат катчысы Эркин Урманбетов билдирди. 
Ассоциацияга Волгограддагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Кенжебек Абдылдаев “Теракттан жабыр тарткандар жаткан бейтапканаларга бардык. Алардын арасында кыргызстандыктар жок. Каза болгон 16 адамдын ичинен 5инин өздүгү тактала элек. Шаарда террордук чабуулдардын алдын алуу боюнча текшерүүлөр жана жарандардын коопсуздугу үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Көпчүлүк жашоочулар сыртка чыгуудан коркушууда” деп маалымдаган. 
Кечээ, 29-декабрда Волгоградда темир жол вокзалында жардыруу болгон. Анда 20га жакын адам каза болуп, 35 адам жаракат алган. Октябрь айында ушул эле шаарда автобус жардырылып, алты киши өлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан