Бүгүн, 11-ноябрда Бакытбек Адылов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, талапкер мурдагы мамлекеттик кызматкер. Азырынча арыз бергендердин саны 8ге жетти.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрга чейин деп белгиленген.