Биз социалдык тармакта

Нарын тоолорун байырлаган ак илбирстер (видео)

Нарын облусунун аймагында үч ак илбирс видеотасмага тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, табигый шартта жашаган сейрек кездешүүчү жырткычтарды кызматкерлер коруктун аймагында кароо жүргүзүп жүргөн учурда видеого тартып алышкан.

Видеодон үч ак илбирстин тоо боорунда жайбаракат басып, тоонун бийик тарабына карай бет алганын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, ак илбирстердин негизги байырлаган аймактарынын катарына Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет.

Ак илбирс - Кыргызстандын улуттук символдорунун бири. Ал президенттин жарлыгы менен өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.

ак илбирс видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан