Биз социалдык тармакта

Суусамырда сазга тыгылып калган жаранды куткаруучулар аман алып калышты (видео)

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сандык жайлоосунда аты менен сазга тыгылып калган 48 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:42де катталган. Жаран жардам сурап, 112 кызматына кайрылган.

Окуя болгон жерге Жайыл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн беш куткаруучусу тартылган. Алар жаранды аман-эсен таап, туугандарына өткөрүп беришти.

Суусамырда сазга тыгылып калган жаранды куткаруучулар аман алып калышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан