Кечээ, 10-ноябрдан тарта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Тажикстандын Куляб шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу өлкөнү маалымат булактары билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, 25-30 турак жайдын короосуна сел кирип, жолдорго жана суу өткөрүүчү түтүктөргө зыян келтирилген.
Белгилей кетсек, каза болгондор жана жабыркагандар жок. Учурда куткаруучулар жеринде иштеп, келтирилген чыгымдын көлөмү талкууланып жатканы маалым болду.