15 жаштагы Амир Кунакуновду издөө иштерине байланыштуу жаңы жагдайлар белгилүү болду. Анын агасы Азим Кунакунов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин издөө иштерине байланыштуу суроо салды. Ал эми ыктыярчы Ильяр Бакаев өспүрүмдүн сөөгүн тапкан күндөгү окуяларды айтып берди.
"9-ноябрда саат 10:01де кызматкерлерден Амирдин координаттарын алдым. Андан кийин "Электро" чокусунун аймагына, болжолдуу көрсөтүлгөн жерге чыктык. Саат 15:45те Амирди таптым",- деди ал.
Ал эми Амирдин бир тууган агасы өспүрүм өзүнүн турган жеринин координаттарын WhatsApp аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине бир нече жолу жөнөткөнүн билдирди.
"Анын кайда экени белгилүү болуп турганда, эмне үчүн эч ким көрсөтүлгөн координаттарды текшерүүгө шашылган эмес? Ошол учурда тоодо жүргөн башка куткаруучуларды, альпинисттерди же ыктыярчыларды эмне үчүн жардамга тарткан эмес?",- деди Азим Кунакунов.