Кечээ, 12-ноябрда Орусиянын борбору Москвада Никита Михалков демилгелеген II Евразиялык "Бриллиант көпөлөк" кино сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, кыргызстандык режиссёр Каныбек Калматов "Айтматов" биографиялык тасмасы үчүн "Мыкты режиссёр" номинациясын жеңип алды. Ага "Бриллиант көпөлөк" сыйлыгын Орусиянын Эл артисти Сергей Безруков тапшырды. Статуэтка 5 караттан туруп, баасы 250 миң доллар турган табигый якут бриллианты менен кооздолгону айтылууда.
Белгилей кетсек, быйылкы сынакка 19 өлкөдөн 41 тасма катышты.