Биз социалдык тармакта

Өлкөдө президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда өлкө башчылыгына талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Ага ылайык, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.

"Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 13-декабрга чейин уланат. Ал эми президенттикке талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт",- деп белгиленди маалыматта.

Мындан тышкары, учурда аларды колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкерлигин көрсөткөн ар бир адам шайлоого катышуу үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын топтошу керек. Бул этап 8-декабрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан