Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстанда президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына 11 адам талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыз берген. Эми алар каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, саат 11:50гө карата өлкөдөгү 186 миң 594 шайлоочу президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдү колдоп, кол топтоо өнөктүгү уланууда.
- Мурдагы Финансы полициясынын экс-төрагасы, 49 жаштагы Сыймык Жапыкеевди 28 миң 612 шайлоочу колдоп, керектүү колду чогултуу алдында турат;
- Президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча алгачкылардан болуп арыз берген 52 жаштагы Аймен Касеновду 25 миң 75 шайлоочу колдоду;
- Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон 66 жаштагы Исхак Масалиев учурда 21 миң 904 кол топтоду;
- Чүй облусунун Москва районун мурдагы акими, 42 жаштагы Азамат Эсенбековду 13 миң 490 жаран колдоду;
- Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 42 жаштагы Бактыбек Калмаматовду 10 миң 846 шайлоочу колдоду;
- Ишкер, эл аралык компаниянын негиздөөчүсү, 35 жаштагы Акай Кыдыров 10 миң 558 кол топтоду;
- Президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн ичиндеги жалгыз аял, 57 жаштагы Клара Сооронкулова 6056 кол топтоду;
- Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри, 44 жаштагы Бакытбек Адыловду 4755 шайлоочу колдоду;
- Бир нече жеке ишкананы жетектеген 56 жаштагы Амур Айба Медерди 3484 шайлоочу колдоду;
- БШКнын жана ӨКМдин мурдагы башчысы, 72 жаштагы Мамбетжунус Абылов 1814 кол топтоду;
- Учурдагы президент 58 жаштагы Садыр Жапаров бир суткага жетпеген убакытта талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон 30 миң колду топтоп, кол топтоо өнүктүгүн аяктады.
Шайлоочулар талапкерлерди “Түндүк” тиркемеси аркылуу электрондук түрдө же кагаз жүзүндө колдой алышат. Бул этап 8-декабрга чейин уланат. Ал эми президенттикке талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт.
Талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерин 23-декабрдан 26-январга чейин жүргүзүүгө тийиш. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.