Түркиялык актриса Неслихан Атагүл бир нече жылдан соң "Кара сүйүү" сериалындагы кызы Деңиз менен кайрадан жолукту. Бул тууралуу кечээ, 12-ноябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, жылуу жолугушуу Стамбул шаарында актрисанын алгачкы балдар китебинин бет ачар аземинде болду.
Белгилей кетсек, Деңиздин ролун аткарган Арвен Берен сериалга 3-4 айлык кезинде тартылган. Актриса азыркы учурда 10 жашта экени маалым болду.