Орусиялык белгилүү блогер Михаил Литвин болочоктогу баласынын жынысын аныктоо аземин өзгөчө форматта өткөрдү. Бул тууралуу ал кечээ, 12-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Ал бул кубанычтуу кабарды жакындары жана достору менен бирге футбол аянтчасында бөлүшүүнү чечкен. Иш-чара кадимки гендер-пати кечелеринен айырмаланып, спорттук мелдештин атмосферасында уюштурулду. Блогер баласынын жынысын билүү үчүн футбол талаасынан, атайын даярдалган оюн аркылуу жыйынтыкты жарыялады.
Кыздуу болорун билген блогер катуу кубанып, жакындары да жубайларды куттукташты.
Белгилей кетсек, ал 2025-жылдын июль айында орусиялык модель Адель Вейгель экөө баш кошушкан.