Кечээ, 12-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "С.М. Илбирс" ишканасына барып, иштердин аткарылышына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, ишкана Кыргызстандын аймагында аскердик жана жарандык багыттагы жеңил брондолгон автомобиль техникасын өндүрүүнү жана чогултууну уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда.
"Иш сапардын негизги максаты - долбоордун жүрүшүн жеринен көрүп, учурдагы абалын баалоо болду. Долбоорго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 10 миллион долларын түзөт. Ошондой эле жарандарга 30 жаңы жумуш ордун түзүү каралган",- деп кошумчалады мекеме.