Биз социалдык тармакта

Криштиану Роналдунун уулу Португалия курамасында алгачкы оюнун өткөрдү (видео)

Кечээ, 12-ноябрда Криштиану Роналдунун баласы Криштиану душ Сантуш Авейро Португалиянын 17 жашка чейинкилер курамасында алгачкы оюнун көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал Андоррага каршы беттештин (4:0) 72-мүнөттүндө оюн талаасына чыкты. Ошондой эле ал атасыныкындай №7де эмес, №18де ойнойт.

Эске салсак, Криштиану Роналду Португалия курама командасында 23 жыл ойноп, бир жума мурун курамадан кеткенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады. Көп убакыт өтпөй анын ордун уулу басып, өспүрүмдөр курамасында дебют жасады.

Атасынын жолун жолдоп Кичүү Криштиану Роналду Португалия курамасында алгачкы оюнун өткөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан